Баткенде 120 миң адам эвакуацияланды

Баткенде 120 миң адам эвакуацияланды.

 

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, Баткен, Лейлек райондорунун тургундары толугу менен Сох анклавы аркылуу Кадамжайдын коопсуз жерлерине көчүрүлдү.

 

Үйлөрүн таштап качып чыгууга аргасыз болгондорго Кыргызстандын бардык аймактарынан гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Учурга карата дээрлик 70 тонна жүк менен унаалар Баткенге жөнөп кетти. Аларда азык-түлүк, гигиена каражаттары жана дары-дармек бар.