Жети-Өгүздө тигүү цехи ачылды

Жети-Өгүздө тигүү цехи ачылды. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан такташкандай, ишкананы Оргочор айылынын тургуну ачты. Ал үчүн аталган фонд 1 миллион сом пайызсыз насыя бөлүп берген. Каражатка ишкер тигүүчү машиналарды, бычуучу аппараттарды, үтүктөрдү жана башка керектүү жабдууларды сатып алган. Айылдык маданият үйүнүн бир тарабында жайгашкан тигүү цехинде… Кененирээк…

Баткенге 1 миң тоннадан ашуун гумжардам жеткирилди

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында учурда Баткен облусуна жалпы 1 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, анын ичинен 131 тонна аталган мекеме тарабынан, 732 тоннадан көбүн жарандар өз күчү менен жеткирди. Учурда кампада дээрлик 189… Кененирээк…

Баткенге жардам катары элден 197 миллион сомдон ашык каражат чогулду

Баткенге жардам катары элден 197 миллион сомдон ашык каражат чогулду. Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат. Каражат азырынча эч кандай муктаждыкка жумшала элек. Эске салсак, материалдык колдоону бардык каалоочулар көрсөтүп, акча которо алат. Тиешелүү реквизиттер novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө жеткиликтүү.

Чолпон-Атада жаңы калкты тейлөө борбору курула баштады

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаңы калкты тейлөө борбору курула баштады. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, курулуш толугу менен облусту өнүктүрүү фондунан каржыланат. Жалпы тендердик баасы 13 миллион 458 мин сомду түзөт. Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды. Имараттын жалпы аянты 270 чарчы метр. Анда бардык тийиштүү шарттар… Кененирээк…

Бишкекте троллейбус линиялары үзүлдү

Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус линиялары үзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине окуянын күбөсү билдирди. Анын айтымында, орун алган авариялык абалдан улам жолдо тыгындар пайда болду. Белгиленгендей, учурда жеринде Бишкек шаардык мэриясынын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын ыкчам тобу иштеп… Кененирээк…

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 57 жаш курагында көз жумганын «Азаттыкка» маркум жетектеп келген мекемеден кабарлашты. Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган. Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын… Кененирээк…

Бишкекте күз үчүн аномалдуу жылуу аба-ырайы турукташты

Бишкекте күз үчүн аномалдуу жылуу аба-ырайы турукташты. Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай көрүнүш 28-сентябрга чейин сакталат. Температура климаттык нормадан 5-7 градуска жогору болууда.   Жуманын аягына чейин ордо калаада +30 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн термометр мамычалары +17 градусту көрсөтөт. Жаан-чачын жана катуу шамал дагы азырынча күтүлбөйт,… Кененирээк…

Кара-Балта шаарында 9 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды

Кара-Балта шаарында 9 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Алар бул каражатты кичи ишкерликке жумшап, жакырчылыктан чыгуу аракетин көрүшү керек, — дешти калаа мэриясынан.   Долбоорлор кичи тигүү цехин ачуу, саан уйларды алуу, соода тармагы жана башка багыттарда түзүлдү.  Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоорунун… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү. Абал бир аз чыңалуу болгонуна карабай, туруктуу деп бааланат. 21-сентябрга карата окуялар катталган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.   Эске салсак, чектеш аймактарда адистер иштеп снаряддарды, миналарды жана башка жардыруучу заттарды издөө, жок кылуу боюнча иштерди… Кененирээк…

Баткен облусунда коопсуз жерге 136 миң адам эвакуацияланды

Баткен облусунда коопсуз жерге 136 миң адам эвакуацияланды. Учурга карата соңку маалымат менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүштү. Андан такташкандай, аймакка жалпысынан 1 миң 53 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.   Анын 131 тоннасы министрлик тарабынан жеткирилсе, калган 732 миң 729 тонна жүктү кайдыгер эмес жарандар өз… Кененирээк…