Баткен облусунда коопсуз жерге 136 миң адам эвакуацияланды

Баткен облусунда коопсуз жерге 136 миң адам эвакуацияланды. Учурга карата соңку маалымат менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүштү. Андан такташкандай, аймакка жалпысынан 1 миң 53 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

 

Анын 131 тоннасы министрлик тарабынан жеткирилсе, калган 732 миң 729 тонна жүктү кайдыгер эмес жарандар өз күчү менен жеткирип берди.

 

Республика аймагында гумжардам чогултуу боюнча 188 түйүн ачылган.