Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү. Абал бир аз чыңалуу болгонуна карабай, туруктуу деп бааланат. 21-сентябрга карата окуялар катталган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Эске салсак, чектеш аймактарда адистер иштеп снаряддарды, миналарды жана башка жардыруучу заттарды издөө, жок кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

 

Мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арачылар кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштөөсүн улантууда.