Баткенге 1 миң тоннадан ашуун гумжардам жеткирилди

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында учурда Баткен облусуна жалпы 1 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, анын ичинен 131 тонна аталган мекеме тарабынан, 732 тоннадан көбүн жарандар өз күчү менен жеткирди.

Учурда кампада дээрлик 189 тонна гумжардам турат, — деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгилеп кетсек, республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.