Чолпон-Атада жаңы калкты тейлөө борбору курула баштады

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаңы калкты тейлөө борбору курула баштады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, курулуш толугу менен облусту өнүктүрүү фондунан каржыланат.

Жалпы тендердик баасы 13 миллион 458 мин сомду түзөт.

Учурда курулуштун баштапкы этаптары башталды.

Имараттын жалпы аянты 270 чарчы метр.

Анда бардык тийиштүү шарттар каралган жана калкка сапаттуу, тез кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.