Кара-Балта шаарында 9 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Алар бул каражатты кичи ишкерликке жумшап, жакырчылыктан чыгуу аракетин көрүшү керек, — дешти калаа мэриясынан.
Долбоорлор кичи тигүү цехин ачуу, саан уйларды алуу, соода тармагы жана башка багыттарда түзүлдү. Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилет.