Билим берүү министрлигинин имаратын оңдоого бюджеттен 65 млн сом каралды

Билим берүү жана илим министрлигинин имаратын оңдоого бюджеттен 65 миллион сом каралды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин демилгеси менен каражат Мамлекеттик имараттар департаментине которулат.

Учурда 20 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери башталды.