Бүгүн Ош шаарынын түптөлгөнүнө 3022 жыл толду.
Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргендей, быйыл майрам жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленбейт.
Мунун себеби Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу.
Майрамга карата ырчылар арасында гана чакан сынак уюштурулат.