Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтө турган машыгуусуна катышпайт

Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун “Рубеж-2022” деген аталышта Тажикстанда өтө турган аскердик машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу “Азаттыкка”  Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Мекеме мурдараак Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышууга даярдык көргөнүн белгилешти, бирок андан кайра эмне себептен баш тартканын ачык билдирген жок.  … Кененирээк…

Өкмөт жакыр жашаган үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзөт

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги «Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү» жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү көздөөдө. Ага ылайык, жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жергиликтүү бийликтин ортосунда социалдык келишим түзүлөт. Келишимге ылайык, бийлик үй-бүлөгө бир жолу бериле турган акчалай жардам берет… Кененирээк…

Нанды тоңдуруп жеген пайдалуу экени аныкталды

Нанды тоңдуруп жеген пайдалуу экени аныкталды. Адистердин айтымында, тоңдурулган нанда катуу крахмал пайда болот. Ал организмде жай сиңет жана кандагы канттын деңгээлин көтөрбөйт.   Нандан башка дагы крахмалга бай азыктарды тоңдурса болот. Мисалы, күрүч жана картошканы сууга бышыргандан кийин муздаткычка салып койсо, алар ден соолукка… Кененирээк…

Бишкекте алгачкы курултайга даярдыктар көрүлүүдө

Бишкекте алгачкы курултайга даярдыктар көрүлүүдө. Мэрия маалыматына ылайык, иш-чаралардын планы түзүлүп, курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилди.   Жергиликтүү курултайлар 5-ноябрда республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.   Ал эки этап менен уюштурулат. Делегаттар айылдын же… Кененирээк…

Токтогул сактагычында суунун көлөмү акырындап көбөйүүдө

Токтогул сактагычында суунун көлөмү акырындап көбөйүүдө. Учурга карата өлкөнүн башкы резервуарында 13 миллиард 681 миллион кубометр суу бар.   “Электр станциялары” компаниясынын маалыматына ылайык, суунун агып кириши секундасына 240 кубометр болсо, чыгышы 130 кубга барабар.   Энергетиктер эскертет: өлкөдө суунун аз келүү мезгили уланууда, андыктан,… Кененирээк…

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн кызматка өттү

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн кызматка өттү. Бул тууралуу ведомствонун коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, мындай чара Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга келишине байланыштуу киргизилди. Коомдук коопсуздукту 4 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт.   Расмий жана салтанаттуу… Кененирээк…

Парламент комитети Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелеринин делимитациясы жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды

Парламент комитети Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелеринин делимитациясы жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу комитеттин башчысы Чыңгыз Айдарбеков билдирди.   Анын айтымында, документти 6 депутат колдоду, 4 өкүл каршы добушун берди. Эми макулдашуунун добооруна Кыргызстан жана Өзбекстан президенттери кол коюшу керек.   Андан кийин… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан түнкү 10го чейин суу Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Фрунзе, Алыкулов көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында жана Жер бөлүштүрүү институту аймагында өчүрүлөт.   Ошондой эле Ак-Өргө, Ак-Ордо, Теңир-Тоо конуштарынын тургундары таза… Кененирээк…

Дыйкандарга 8 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди

Дыйкандарга 8 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, каражат “Айыл чарбачылыгын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында берилип жатат.   Жалпысынан фермерлер 4,5 миллион сомдон ашык алды. Жеңилдетилген кредит мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө берилет. Андан тышкары, насыялоо кайра иштетүү тармагындагы ишканаларга… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире дагы кымбаттайт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире дагы кымбаттайт. Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев жаңы тарифтердин болжолдуу эсептөөсүн жарыялады.   Ага ылайык, автобус, троллейбуста жол кире – 15 сом, маршруттук таксилерде күндүз — 21 сом, ал эми кечки саат 8 жарымдан кийин 32 сом болот. Нусувалиев белгилегендей,… Кененирээк…