Бишкектин коомдук транспортунда жол кире дагы кымбаттайт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире дагы кымбаттайт. Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев жаңы тарифтердин болжолдуу эсептөөсүн жарыялады.

 

Ага ылайык, автобус, троллейбуста жол кире – 15 сом, маршруттук таксилерде күндүз — 21 сом, ал эми кечки саат 8 жарымдан кийин 32 сом болот. Нусувалиев белгилегендей, бул алдын ала сунушталган вариант, акыркы чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.