Кыргызстанда жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Кыргызстанда жыл аягына чейин 85 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдиргендей, учурда 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, өлкөнүн билим берүү системасынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл. Белгилеп кетсек, бүгүнкү… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаандын кесепетинен үйлөрдү суу каптады

Нөшөрлөп жаган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарларында жети турак жайдын короосун жана жер төлөөсүн суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган аймактарга 25 кызматкер тартылып, учурда сел суулары сордурулду. Ошондой эле Сузак районунда катуу жааган жаандын айынан кокту-колоттордон келген суу Кыр-Жол менен… Кененирээк…

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 19-октябрда кечки саат 4төр чамасында Ош облусунун аймагында болду. Анын күчү Өзгөн районунун Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга, Жерге-Тал айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор… Кененирээк…

Баткен облусунун Айдаркен шаарында кар жаап, жашоочулар жарыксыз калды

Кадамжай районунун Айдаркен шаарында кар жаап, жергиликтүү калк жарыксыз калды. Novosti.kgге Баткен электр тармактар ишканасынан такташкандай, учурда аймактагы ооруканадан башка жерлерде электр энергиясы жок. Маалыматка ылайык, жеринде атайын бригада аба чубалгыларын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ишканадан ишендиришкендей, электр энергиясын калыбына келтирүү иштери бүгүн аяктайт.

Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 650 миңден ашты

Россиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 650 миңден ашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары көбүнчө Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр – Россия жана Казакстанга иштегени кетет. Расмий маалымат боюнча Орусияда 1 миллиондон ашык кыргызстандык иштеп жүрөт.

Таш кулап жабылып калган Бишкек–Ош трассасы толугу менен ачык

Таш кулап жабылып калган Бишкек–Ош трассасы толугу менен ачык. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда каттам кадимки тартипте аткарылууда. Эске салсак, кечээ, 19-октябрда Бишкек–Ош трассасынын 425-чакырымында болжол менен 100 метр куб таш кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.

Жети миллионунчу жарандын эсебине мамлекеттен 1 млн сом которулат

Кыргызстандын жети миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулат. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат. Эске салсак, өлкөнүн жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында дыйкан Валижан Абдурасулов жана Айжаркын Сыраждинованын үй-бүлөсүндө төрөлдү. Бул алардын төртүнчү… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу аяктайт

Кыргызстанда жыл аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу аяктайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, учурда республикалык бюджеттин эсебинен 55 бала бакча курулуп жатат, анын 14ү жаңы жылга чейин жыйынтыкталат. Соңку 10 жылда өлкөдө 24 бала бакча… Кененирээк…

Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин 1 жылы 2 жыл деп эсептелет

Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсеге жогорулатылды, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. «Баткен окуялары ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн өттү. Президент аймактагы кырдаалга көз салып… Кененирээк…

Чек арада каза болгон 63 адамдын 48и аскер кызматкери экени айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери, 15и жергиликтүүлөр экенин айтты. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы карапайым адамдар. 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол… Кененирээк…