Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткан жарандар сот аткаруучулар линиясы боюнча карызы жок экенин текшерип алышы керек

Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткан жарандар сот аткаруучулар линиясы боюнча карызы жок экенин текшерип алышы керек. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, муну “Түндүк” электрондук кызматтар порталынан жасаса болот.

 

Ведомстводон белгилешкендей, береселерди өз учурунда төлөбөй коюу көптөгөн маселелерди жаратат.

 

Алсак, мүлк камакка алынып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, банк эсептери бөгөттөлүшү мүмкүн.