Бишкекте жылуулук берүү сезону азырынча башталбайт.
Мэрияда жыйын өтүп, ордо калаада абанын орточо температурасы беш күн катары менен 8 градустан көтөрүлбөсө гана жылуулук берүү чечими кабыл алынды.
Жакынкы күндөрү мындай аба ырайы күтүлбөйт.
Ошол эле учурда муниципалитет жылуулукту кошууга тиешелүү кызматтар толук даяр экенин белгиледи.