Бишкекте маршруттук таксилер жетишсиз болууда.
Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдиргендей, акыркы бир жарым-эки айда 200гө жакын айдоочу линиядан чыгып кетти.
Буга күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы себеп болууда.
Чиновник кошумчалагандай, муниципалитеттин маршруткалардын санын көбөйтүү максаты жок.
Белгилеп кетсек, ноябрь айынын аягында – декабрдын башында шаарга 120 автобус келет.