Кыргызстанда дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя кийинки жылдары да берилет

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя кийинки жылдары да берилерин айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
«Быйыл дыйкандар менен фермерлерге алты пайыздык үстөк менен үч жылга чейин кредиттерди беребиз деп республикалык бюджеттен 26 миллиард сом бөлдүк эле. Кийинки жылга дагы бөлөбүз. Алдыдагы беш-алты жылга дыйкандар менен фермерлерди толук камсыз кылабыз деген планыбыз бар», — деген ал.
Мамлекет башчы быйыл кезекке тургандардын айрымдарына насыя жетпей калганынан кабары бар экенин айтып, алар тизмеге быйыл болбосо кийинки жылы илинерин убадалаган.
«Бир жылда эле баарына насыя берүү өтө оор экен. Анткени республика боюнча жарым миллион дыйкан-фермер бар. Беш жүз миң адамга бир эле жылда насыя бере коюу да жеңил эмес. Ошондуктан алдыда беш-алты жылдын ичинде үч жылдык кредитти берип отуруп, бардык дыйкан-фермерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыз кылганга болгон аракетти көрөбүз. Быйыл кезек жетпей калса, эмдиги жылы жетет, эмдиги жылы жетпей калса, аркы жылы жетет, сабырдуулук кылып күтүп туруңуздар», — деген Жапаров.
Буга чейин айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков дыйкан-фермерлерге 3,4 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилгенин айткан.