Санкт-Петербург бийлиги Бишкектин өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр

Санкт-Петербург калаасынын бийлиги Бишкек мэриясына жол кыймылын башкаруу жана уюштуруу жаатында жардам берүүгө даяр. Бул туурасында Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Сергей Марков билдирди.
Ал Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын кызматташуусуна арналып Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Марков Бишкек менен Ош Петербургдун расмий өнөктөштөрү экенин эске салган. Бүгүн Бишкектин вице-мэри менен жолугушуу белгиленген. Анда эки калаанын кызматташуусу боюнча карта тапшырылат. Документ Россиянын түндүк борборунун башчысы менен макулдашылып, кол коюлган. Анда эки шаардын аткаруу органдарын ар кыл тармакта өз ара иштешүүнү турмушка ашырууга милдеттендирген пунктулар бар.
Мисалы, «Петербург жолугушуулары» — бул картадагы иш-чараларды ишке ашырууну караган иштердин мисалы. Андан сырткары, билим берүү, маданий жана турак жай-коммуналдык чарба жааты да камтылган.