Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алууга жалпы республикалык тестирлөөнү Бишкек жана Ошто гана тапшырса болот

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алууга жалпы республикалык тестирлөөнү Бишкек жана Ошто гана тапшырса болот. Бул тууралуу 24 агенттигине Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, 3 тест борборун ачуу пландалууда. Учурга карата 945 адамдан арыз келип түштү. Бирок алдыда кошумча каттоо күнү бар, андыктан, көрсөткүч өзгөрүшү дагы мүмкүн. Эске салсак, тесттин өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.