Бишкек мэриясы уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу ниетинде

Бишкек мэриясы уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу ниетинде. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Нурлан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, учурга карата шаардын 4 районунда 9,5 миңден ашык тиешелүү уруксаты жок курулган үйлөр бар.

 

Алардын жарымы документтештирүүгө жатат. Калган курулуштар кайтаруу аймактарында жайгашкан.

 

Акчабар агенттигинин маалыматына ылайык, аларга документ берүү үчүн санитардык полигондун жана Чоң-Арык мазарынын кайтаруу аймактарын азайтуу пландалууда.