Бишкек жана өлкө аймактарында жергиликтүү курултайлар эртең өтөт
Бишкек жана өлкө аймактарында жергиликтүү курултайлар эртең өтөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов эскертет. Анын айтымында, иш-чаралардын жүрүшүндө кыргызстандыктар делегаттарды шайлап, элдик курултайдын күн тартибин бекитет. Буга чейин белгилүү болгондой, элдик курултай 25-ноябрда өтөт.