Быйыл бюджет тартыштыгы 35,4 миллиард сомго чыкты

Финансы министрлигинин маалымат кызматы быйылкы бюджеттин тартыштыгы эмне себептен 26,2 миллиард сомго өсүп, 35,4 миллиард сомду түзөрүн түшүндүрдү. Эске салсак, Кыргызстандын республикалык бюджетине киреше көбүнчө салык жана бажыдан түшөт. Ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде бажы алымы алгач жалпы казынага түшүп, андан кийин гана ар… Кененирээк…

Соцфонд жыл башынан тарта 61 миң 145 жаранга пенсия чектеди

 КР Социалдык фонду 2022-жылдын январь-октябрь айларында 61 миң 145 жаранга пенсия дайындап чектеди.   Фонддун басма сөз кызматынан билдирг, ошонун ичинде, 2022-жылы октябрь айында 3009 жаранга пенсия чектелди.   Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 986 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык… Кененирээк…

Бишкектин №65 жана 39-мектептеринде, №173 жана 75-бала бакчаларда авариядан улам жылуулук берүү токтотулду

Бишкектин №65 жана 39-мектептеринде, №173 жана 75-бала бакчаларда авариядан улам жылуулук берүү токтотулду.   Мэриядан билдиришкендей, ордо калаанын капиталдык курулуш башкармалыгы ыкчам түрдө тендер өткөрүп, жылуулук системасын оңдоого аткаруучу компаниялар менен келишим түзүлдү.   Оңдоо иштери маалында №65 мектепте билим берүү онлайн форматта жүргүзүлөт.

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын баасы бир аз арзандады

Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын баасы бир аз арзандады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ведомство маалыматына ылайык, соңку 2 ай аралыгында кумшекер, суу май жана ундун баасы төмөндөө тенденциясында. Бүгүнкү күнгө карата республика аймагында кумшекердин килограммынын наркы 88 сом турат. Суу… Кененирээк…

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакча ачылды

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакча ачылды.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 90 бөбөккө чакталган. Бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 миллион сом бөлүнгөн.   Белгилеп кетсек, бала бакчада балдарды кабыл алууга бардык шарттар каралды.

Россиялык туристтер жаңылыштык менен Испаниянын Мадрид шаарынын ордуна Түркиянын Мардин шаарына учуп барышты

Россиялык туристтер жаңылыштык менен Испаниянын Мадрид шаарынын ордуна Түркиянын Мардин шаарына учуп барышты. “Лента.рунун” маалыматына ылайык, мындай катачылыкты туристтик компаниялардын бири кетирген.   Такыр башка шаарга жана өлкөгө келгенин туристтер аэропорттон гана түшүнүштү. Саякатчылардын кийинки эс алуусу кайсы өлкөдө уланганы такталбайт.

Төө-Ашууда буга чейин киргизилген чектөөлөр алынды

Төө-Ашууда буга чейин киргизилген чектөөлөр алынды.   Учурда “Сосновка” түйүнү аркылуу жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат, — деп билдиришти Унаа жана жолдор министрлигинен.   Бишкек – Ош трассасында жолчулар нөөмөттө туруп, кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Буга карабай, аталган багыт боюнча… Кененирээк…

АКШда 101 жаштагы байбиче узак жашоо сыры менен бөлүштү

АКШда 101 жаштагы байбиче узак жашоо сыры менен бөлүштү. Мэри Флип 1921-жылы төрөлүп, Улуу депрессияны жана бир нече согуштарды башынан өткөрүп,   6 баланы төрөп, тарбиялап  азыркыга чейин өзүн мыкты сезет.   Ал 101-туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда, ыр-бий жана шаң менен өткөрдү. Байбиченин айтымында, узак жашоонун… Кененирээк…

Кыргызстанда эт дагы кымбаттады

Кыргызстанда эт дагы кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Ага ылайык, соңку айда уй этинин бир килограммынын наркы дээрлик 5 сомго кымбаттап, 540 сомду түздү.   Эттин бул түрү эң кымбат Бишкекте – 566 сом, эң арзан Таластын Манас районунда – килограммы 440 сомдон… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБине жеткирилген көмүрдүн сапаты текшерилет

Бишкек ЖЭБине жеткирилген көмүрдүн сапаты текшерилет. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, ошондой эле кара отундун радиациялык деңгээли өлчөнөт.   Ведомстводон белгилешкендей, мындай чара Бишкекте жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда экологиялык абалды жакшыртуу максатында көрүлүүдө.