АКШда 101 жаштагы байбиче узак жашоо сыры менен бөлүштү. Мэри Флип 1921-жылы төрөлүп, Улуу депрессияны жана бир нече согуштарды башынан өткөрүп, 6 баланы төрөп, тарбиялап азыркыга чейин өзүн мыкты сезет.
Ал 101-туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда, ыр-бий жана шаң менен өткөрдү. Байбиченин айтымында, узак жашоонун сыры жөнөкөй – дайыма текила ичип, кайгы-капаны күлкү менен жеңүү керек.