Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасы Дүйнө чемпионатына катышууда

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы 13-27-ноябрь күндөрү Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпонатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, курама команданын тизмеси төмөнкүдөй: 1. Эргешов Бекзат, СЧ, 48 кг; 2. Молдогазив Эльхан , СЧТ, 51… Кененирээк…

Өзбек парламенти кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы (парламенти) Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине өзбек парламентинин маалымат кызматынан билдиришти. Мыйзам чыгаруу палатасынын кезексиз жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси боюнча келишими тууралуу кеңири маалымат берген. Күн тартибиндеги… Кененирээк…

Жер шарынын калкынын саны 8 миллиардга жетти

Жер шарынын калкынын саны 8 миллиардга жетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунан билдиришти. Уюмдун болжолу боюнча, 2030-жылга чейин планетада 8,5 миллиард адам жашайт, ал эми 2050-жылы 9,7 миллиардга жетет. Жакынкы 30 жылдын ичинде дүйнө калкынын өсүшүнүн жарымынан көбү сегиз өлкөнүн — Индия, Египет, Эфиопия, Нигерия,… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Күн мурун, 14-ноябрда саат 14:01де Кыргызстан жана Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Жаңы-Кыштак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар… Кененирээк…

Чүй облусунун Кант шаарында калкты тейлөө борборунун жаңы имараты ачылды

Чүй облусунун Кант шаарында калкты тейлөө борборунун жаңы имараты ачылды. Novosti.kgге Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеме заманбап жабдуулар менен толук камсыздалды. Имараттын ичинде маалымат берүүчү, нотариус, касса боюнча кызмат көрсөтүү жайлары, кеңейтилген күтүү залы, сүрөткө тартуучу жай, эне жана бала үчүн атайын… Кененирээк…

Баткенде 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында 500 орундуу мектептин курулушу башталды. Мектептин эски имараты авариялык абалда болгондуктан, жаңы заманбап жай куруу чечими кабыл алынган. Мындан тышкары учурда Баткен шаарында медициналык академиянын жаңы имаратынын, Улуттук банктын, УКМКнын имаратынын жана башка социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат.

Жалал-Абаддагы жазаларды аткаруу мекемеси шаар сыртына көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча тийиштүү иш-чаракеттер жүргүзүлүүдө. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда каражат маселеси чечилген. Маалыматка ылайык, кечээ облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн… Кененирээк…

Ала-Букада таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод курула баштады

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда таштандыларды кайра иштетүүчү кичи завод курула баштады. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган райондун акими Кайырбек Чаргынбаев билдирди. Маалыматка ылайык, завод облусту өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жакынкы күндөрү ишкана үчүн 18 миллион сомдон ашык каражатка техника жана жабдыктар алып келинет.… Кененирээк…

Ырчы Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясына директор болду

Ырчы Эмилбек Балтагулов Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду, деп кабарлайт ведомствонун басма сөз кызматы. Жаңы директорду Жалал-Абад облустук филармониянын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев тааныштырды. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болот

Бүгүн Бишкектин «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу жок болот. Муниципалитеттен такташкандай, кечки саат 6га чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Муну себеби оңдоо иштерине байланыштуу.