Күн мурун, 14-ноябрда саат 14:01де Кыргызстан жана Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Жаңы-Кыштак айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.