Баткенде 500 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында 500 орундуу мектептин курулушу башталды.

Мектептин эски имараты авариялык абалда болгондуктан, жаңы заманбап жай куруу чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары учурда Баткен шаарында медициналык академиянын жаңы имаратынын, Улуттук банктын, УКМКнын имаратынын жана башка социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат.