Жалал-Абаддагы жазаларды аткаруу мекемеси шаар сыртына көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча тийиштүү иш-чаракеттер жүргүзүлүүдө.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда каражат маселеси чечилген.

Маалыматка ылайык, кечээ облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн жеринен көрдү.

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Азыркы учурда аталган жайдын пайдубалын курууга чейинки даярдык жумуштары жүргүзүлүп жатат, — деп айтылат маалыматта.