Жер шарынын калкынын саны 8 миллиардга жетти

Жер шарынын калкынын саны 8 миллиардга жетти.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунан билдиришти.

Уюмдун болжолу боюнча, 2030-жылга чейин планетада 8,5 миллиард адам жашайт, ал эми 2050-жылы 9,7 миллиардга жетет.

Жакынкы 30 жылдын ичинде дүйнө калкынын өсүшүнүн жарымынан көбү сегиз өлкөнүн — Индия, Египет, Эфиопия, Нигерия, Конго Демократиялык Республикасы, Танзания Бириккен Республикасы, Пакистан жана Филиппиндин эсебинен болот, — дешет адистер.