Ырчы Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясына директор болду

Ырчы Эмилбек Балтагулов Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду, деп кабарлайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Жаңы директорду Жалал-Абад облустук филармониянын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошев тааныштырды.

Белгилеп кетсек, Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген.