Ала-Букада таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод курула баштады

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда таштандыларды кайра иштетүүчү кичи завод курула баштады.

Бул тууралуу Novosti.kgге аталган райондун акими Кайырбек Чаргынбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, завод облусту өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Жакынкы күндөрү ишкана үчүн 18 миллион сомдон ашык каражатка техника жана жабдыктар алып келинет.

Белгиленгендей, ишкана жазга жакын бүтөт.

Кошумчаласак, аймакта буга чейин таштандыны кайра иштеткен завод болгон эмес.