Чүй облусунун Кант шаарында калкты тейлөө борборунун жаңы имараты ачылды

Чүй облусунун Кант шаарында калкты тейлөө борборунун жаңы имараты ачылды.

Novosti.kgге Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеме заманбап жабдуулар менен толук камсыздалды.

Имараттын ичинде маалымат берүүчү, нотариус, касса боюнча кызмат көрсөтүү жайлары, кеңейтилген күтүү залы, сүрөткө тартуучу жай, эне жана бала үчүн атайын бөлмө бар.

Муну менен бирге иш-кагаздарды тез арада толтуруу боюнча кызмат көрсөтүү жайы да имараттын ичинде жайгашкан.