Дүйнө чемпионатынын алкагында оюн талаасына бүгүн Лионель Месси чыгат

Дүйнө чемпионатынын алкагында оюн талаасына бүгүн Лионель Месси чыгат. Тайпа ичиндеги тандоо оюндары уланууда. Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 4тө “Люсаил Стадиумда” Аргентина – Сауд Аравия курамалары беттешет.   Андан кийин кечки саат 7де футбол сүйүүчүлөрү Дания – Тунис, түнкү 10до Мексика – Польша курамаларынын… Кененирээк…

Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндө элеткр энергиясынын эсептегичтери жаңыртылууда

Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндө элеткр энергиясынын эсептегичтери жаңыртылууда.   Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, буга чейинки эсептегичтердин колдонуу  мөөнөтү соңуна чыккандыктан, компаниянын адистери жаңы шаймандарды орнотуп баштады.   Бул максатта 28 миң даана бир фазалуу эсептегич сатылып алынды. Керектөөчүлөргө эсептегичтер акысыз алмаштырылат, — дешти компаниядан.

Мектеп директорлорун тандоо боюнча сынактар өлкө аймактарында ушул жумада өтөт

Мектеп директорлорун тандоо боюнча сынактар өлкө аймактарында ушул жумада өтөт.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй, Талас облустарында талапкерлер тестирлөөдөн бүгүн өтсө, Ысык-Көл, Нарында сынак  24-ноябрда, Ош, Жалал-Абад аймактарында 30-ноябрда жана 1-декабрда тандоо өткөрүлөт.   Эске салсак, Кыргызстан мектептерин 5 жылдан ашык жетектегендер кызматынан… Кененирээк…

Криштиану Роналдунун жаңы момдон жасалган фигурасы Нью-Йорктогу Мадам Тюссо музейинде тартууланды

Криштиану Роналдунун жаңы момдон жасалган фигурасы Нью-Йорктогу Мадам Тюссо музейинде тартууланды. Оюнчу анда Португалия курамасынын формасы менен жана гол киргизгенден кийинки фирмалык турушунда көрсөтүлгөн.   Роналду музейге келип, өзүнүн мом айкелин көрүп аябай таң калганы айтылууда. Өзгөчө аны чеберлердин кылдаттык менен көздөрүн жана чачын окшоштуруп… Кененирээк…

Ошто светофорлорго акылдуу системаларды орнотуу пландалууда

Ошто светофорлорго акылдуу системаларды орнотуу пландалууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, ал шаардагы тыгындар маселесин чечүүгө жардам берет.   Алсак, система унаалардын агымына жараша өз алдынча кыймылды жөнгө сала алат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн япониялык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстан  аймактарында ишкерликти тейлөө боюнча борборлорду ачуу пландалууда

Кыргызстан  аймактарында ишкерликти тейлөө боюнча борборлорду ачуу пландалууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда бул маселе Экономика министрлиги менен талкууланып жатат.   Күтүлгөндөй, бул борборлордо стартаптар жана бизнес-долбоорлор каралып, мыктылары тандалып, долбоор авторлорун юридикалык жактан колдоо, каржылык сабаттуулукка үйрөтүү жана долбоорлорду каржылоо иштери жүргүзүлөт.  … Кененирээк…

Кыргызстанда ишкерликти текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизилет

Кыргызстанда ишкерликти текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документтин максаты — жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.   Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 миллион доллар инвестиция кирип, 483 миллион  доллар чыгып кеткен.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабы кызуу уланууда

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабы кызуу уланууда.   Кечээки Англия-Иран курамаларынын беттеши голдорго бай болуп, 6:2 эсебинде жыйынтыкталды. Голдорду Беллингем, Сетрлинг, Рашфорд, Грилиш киргизсе, Сака менен Мехди Тареми жеке эсептерине дубль жаздырды.   Кийинки жолугушууда жеңиш Нидерланды тарапта болуп, 2 жоопсуз топту атаандаштын дарбазасына… Кененирээк…