Мектеп директорлорун тандоо боюнча сынактар өлкө аймактарында ушул жумада өтөт.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй, Талас облустарында талапкерлер тестирлөөдөн бүгүн өтсө, Ысык-Көл, Нарында сынак 24-ноябрда, Ош, Жалал-Абад аймактарында 30-ноябрда жана 1-декабрда тандоо өткөрүлөт.
Эске салсак, Кыргызстан мектептерин 5 жылдан ашык жетектегендер кызматынан бошотулуп, алардын ордуна жаңы директорлор сынак менен тандалып жатат.