Криштиану Роналдунун жаңы момдон жасалган фигурасы Нью-Йорктогу Мадам Тюссо музейинде тартууланды

Криштиану Роналдунун жаңы момдон жасалган фигурасы Нью-Йорктогу Мадам Тюссо музейинде тартууланды. Оюнчу анда Португалия курамасынын формасы менен жана гол киргизгенден кийинки фирмалык турушунда көрсөтүлгөн.

 

Роналду музейге келип, өзүнүн мом айкелин көрүп аябай таң калганы айтылууда. Өзгөчө аны чеберлердин кылдаттык менен көздөрүн жана чачын окшоштуруп жасаганы таң калтырган.