Дары-дармек жана медкаражаттар департаментине жаңы жетекчи дайындалды
Айнура Абалиева Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин жаңы директору болуп дайындалды. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жаңы директорду бүгүн эмгек жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рыспекова тааныштырды.