Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндө элеткр энергиясынын эсептегичтери жаңыртылууда

Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндө элеткр энергиясынын эсептегичтери жаңыртылууда.

 

Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, буга чейинки эсептегичтердин колдонуу  мөөнөтү соңуна чыккандыктан, компаниянын адистери жаңы шаймандарды орнотуп баштады.

 

Бул максатта 28 миң даана бир фазалуу эсептегич сатылып алынды. Керектөөчүлөргө эсептегичтер акысыз алмаштырылат, — дешти компаниядан.