Кыргызстан жана Тажикстан чек аранын 17 чакырымында долбоордук тактоо иштерин жүргүздү. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, эки өлкө делегацияларынын жолугушуусу Баткенде 1-декабрдан 6-декабрга чейин өттү.
Тараптар 2023-жылга жумуштардын графигин түздү. Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт. Эске салсак, эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырым. Учурга карата анын жарымынан көбү гана такталган.