Япония почтасында учкучсуз аппараттар колдонулат. Кеп атайын кат жана посылкаларды жеткирүүгө арнап чыгарылган дрон тууралуу болуп жатат.
Шайман салмагы 5 килограммга чейинки жүктү 35 чакырым аралыкка жеткире алат.
Жеткирүүнүн бул түрү алыскы жана тоолуу райондорго кат жеткирүү үчүн колдонулары айтылууда.