Бишкектин 12-кичи районуна жылуулук жана ысык суу кечкиге чейин берилет

Бишкектин 12-кичи районуна жылуулук жана ысык суу кечкиге чейин берилет. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, түндө түтүктөрдө жарылуу катталды.

 

Учурда адистер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Авариялык кырдаал кечкиге чейин толугу менен жоюлушу күтүлөт.