Кыргызстандын 3 ашуусу унаа кыймылына жабылды.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, райондук администрациялардын чечими менен жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолундагы Чапчыма ашуусу, Жалал-Абад – Казарман унаа жолундагы Сары-Кыр жана Ат-Башы – Кында – Торугарт трассасындагы Кында ашуусу чектелди.
Калган жолдордо кар тазалоо, инерттүү материал себүү жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр киргизилген жок.