Алтын бере турган дүйнөдөгү алгачкы банкомат Индияда пайда болду

Алтын бере турган дүйнөдөгү алгачкы банкомат Индияда пайда болду. Хайдарабад шаарындагы аппаратка салмагы 100 граммга чейинки 5 килограмм тыйындар батат.

 

Биринчи күндө эле 20 киши банкомат менен колдонгону айтылууда. Ойлоп табуучулардын айтымында, аппараттын жардамы менен каалоочулар банктарга же зер буюмдар дүкөнүнө барбастан, акчасын алтын менен сактай алат.