Кыргызстанда айдоочулар унааны мас абалында башкаруу үчүн күбөлүгүнөн ажыратылат

Кыргызстанда айдоочулар унааны мас абалында башкаруу үчүн күбөлүгүнөн ажыратылат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальниги Азамат Исираилов билдирди.

 

Анын айтымында, эми мындай бузуу үчүн айып салынбайт, дароо айдоочу күбөлүгү тартып алынат. Биринчи ирет катталса – бир жылга, экинчи ирет – 3 жылга.

 

Андан тышкары, ылдамдыкты жогорулатуу үчүн салынган айып 15 миң сомго чейин жогорулатылат, — деди Азамат Исираилов.