Аба-ырайынын начар шарттарына байланыштуу инспекторлор айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырат

Аба-ырайынын начар шарттарына байланыштуу инспекторлор айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассаларда муз тоңуп, карт күрткүлөр пайда болду.

 

Коюу туман баскандыктан, көрүү кескин начарлады. Андыктан, айдоочуларга мүмкүң болсо тоолуу трассаларга сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.

 

Өз кезегинде жөө жүрүүчүлөр авариялык абалды жаратпай, жолду тиешелүү жерден гана өтүшү керек.