Президенттик аппаратта суперкомпьютердин презентациясы болду

Президенттик аппаратта суперкомпьютердин презентациясы болду.

Анын жардамы менен мамлекеттик тилди, илимди жана техниканы өнүктүрүү пландалууда, деп билдирди министрлер кабинети.

Азыр Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жасалма интеллектти киргизүү боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатат.

Келечекте бул текстти кепке жана тескерисинче которууга, ошондой эле тексттерди талдап, түзүүгө мүмкүндүк берет.

Программалар илимде, билимде жана массалык коммуникацияда колдонулушу мүмкүн.