Майлуу-Суу: үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалды

Майлуу-Сууда көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритилип, 1 миң 234 абоненттин 800дөн ашыгына ысык суу берилди.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.