Кыргызстанда майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, май айынан тарта электрдин тарифи 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт.

Мамлекет башчысы энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү эске салды.

Анын ичинде электр жабдыктардын эскиргени, 137 миллиард сомдук карыз, импорттолгон электр энергиясына көз карандылык өңдүү маселелер бар.

Ошонун негизинде бийлик тарифти көтөрүүнү чечти.

Болбосо, президенттин айтымында, өлкө энергетика тармагын жоготуп алуу коркунучунда.