Бишкекте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты өтүп жатат

Бишкекте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты өтүп жатат. Мелдештер 21-январда старт алды, бүгүн жана эртең ошондой эле эркин күрөш боюнча турнир өтөт.   Анын жыйынтыгы менен Азия чемпионатына жана башка эл аралык, лицензиялык чемпионаттарга тандоо жүргүзүлөт.

Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет

Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берет. Бул тууралуу Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, заманбап окуу жайлар Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Каракол шаарларында жана Ош, Чүй, Нарын облустарында пайда болот.   Ар бири 1 миң 200 окуучуга чакталган мектептердин курулушу 3 жылдан… Кененирээк…

Кыргызстандагы 1 миң 873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476сында эскилиги жеткен

Кыргызстандагы 1 миң 873 айылдын 346сында таза суу системасы такыр жок, 476сында эскилиги жеткен. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.   Анын айтымында, бийлик тарабынан 2026-жылга чейин айылдарды толук кандуу таза суу менен камсыздоо программасы кабыл алынды.  … Кененирээк…

Майлуу-Сууда авариянын кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Майлуу-Сууда авариянын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Куткаруучулар учурда 15 чакырым суу түтүктөрүн ээритип жатат, — деп билдиришти 24 агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.   Жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылууга атайын техника тартылды. Гуманитардык жардам катары 20 тонна ун, 8 тонна кумшекер жана 4 тонна… Кененирээк…

Барскоон – Ак-Шыйрак жолунда жааган калың кар жолду жаап калды

Ысык-Көл облусунун Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 145-чакырым бөлүгүндө калың кар жаап, жолду жаап калды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы кээ бир жерлерде 1 метрге чейин жетет. “Түнү менен жолду кардан тазалоо жана каттам ачуу, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү”, — деп… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 16-23-январга чейин өлкөдө инфекциянын 7 миңден бир аз ашык учуру катталган. Бул көрсөткүч бир жума мурункуга салыштырмалуу 15 пайызга аз. Бирок абанын төмөн температурасы иммундук системага таасир этип, адамдын ден соолугуна зыян тийгизиши мүмкүн. Андыктан… Кененирээк…

Бейонсе төрт жылдан бери биринчи жолу концертин берди

Бейонсе акыркы төрт жылдан бери биринчи жолу концер берди. Ал Бириккен Араб Эмираттарындагы жаңы мейманкананын ачылышында ырдады. Иш-чарага башка атактуулар да катышты. Алардын арасында Кендалл Дженнер, Ребел Уилсон, Марк Райт жана башкалар бар. Бир сааттык шоу үчүн Бейонсеге 35 миллион доллар төлөнгөнү кабарланууда.

Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоого ЕРӨБ 17 млн евро бөлөт

Оштогу Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоого Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 17 миллион евро бөлөт. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңеш жактырды. Каражаттын бир бөлүгү насыя, калганы гранттык негизде берилет. Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.… Кененирээк…

Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын тѳрагасы келет

Бүгүн Кыргызстанга Казакстан парламентинин сенатынын тѳрагасы Маулен Ашимбаевдин расмий иш сапары менен келери күтүлүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Маулен Ашимбаев тет-а-тет жана кеңейтилген форматта жолугушат.

Британ музейинде мумия деген сөзгө тыюу салуу сунушталууда

Британ музейинде мумия деген сөзгө тыюу салуу көздөлүүдө. Байыркы египеттиктер жөнүндө сөз кылган музей кызматкерлеринин лексиконунда бул сөз дээрлик колдонулбай калган. Британдыктар бул термин коркунучтуу тасмалардагы каармандарды эске салат деп эсептешет. Мумия деген сөздүн ордуна алар “мумияланган адам” деп айтууну сунушташууда. Британ музейинин бул позициясын… Кененирээк…