Майлуу-Суудагы чыгым дээрлик 44 млн сомду түздү

Майлуу-Суудагы авариянын кесепеттеринен келтирилген зыян дээрлик 44 миллион сомду түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул суммага инженердик кызматтарга келтирилген чыгым, калыбына келтирүү иштеринин каражаты жана экономикалык зыян кирет.

Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам түтүктөр тоңуп, таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Иштер 11 күндөн кийин калыбына келтирилди.

Авария фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.