Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймактарына үй курууга жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү.
Бул тууралуу парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин жыйынында талкууланды.
Натыйжада бул багытта жер-жерлерде иш алып баруу керек деген пикир айтылды.
Белгилеп кетсек, аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо керектиги Жогорку Кеңеште буга чейин да көтөрүлгөн.