Майлуу-Суу шаарында социалдык объектилерге жылуулук жана таза суу бериле элек

Майлуу-Суу шаарында социалдык объектилерге жылуулук жана таза суу бериле элек. Калаада өзгөчө кырдаал режими уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык,  жергиликтүү калктын  91 пайызы жылуулук менен камсыз болду, таза суу системасында авариялар уланып жатканына байланыштуу ичүүчү суу менен камсыз болгондор 51 гана пайызды  түзүүдө. Чыгымдын баштапкы суммасы дээрлик 44 миллион сомго жетти.

 

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам түтүктөр тоңуп, таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.