Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылдагы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады.
Ага ылайык, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана ишкерлер 2022-жылдагы кирешеси, мүлкү тууралуу отчет бериши керек.
Бул убакыттан кечиккендерге 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат.
Декларацияны тапшыруу боюнча толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан алса болот.